Бишкекте 1-апрелде жалпы шаардык ишембилик өттү. Мэр Албек Ибраимов баштаган мэриянын кызматкерлери шаардык Чапаев-Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан скверди тазалашканын мэриядан билдиришти. Арыктар жана көк майсаңдар тазаланды. Канаттууларга атайын уялар орнотулганы да белгилүү болду.