Бишкектеги №47-абактын алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулду. Алардын саны болжол менен 30га жакын. Чогулгандардын арасында Жапаровдун жубайы да бар.
"Садыр өзүн-өзү өлтүрө турган адам эмес. Ал 5 маал намаз окуйт. Мен аны көрмөйүнчө эч жакка кетпейм. Бул жактагылар "баары жакшы" деп жатышат, бирок аларга ишенбейм. Мени абактын ичине киргизбей жатышат", - дейт Жапаровдун жубайы.
Айта кетсек, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Садыр Жапаров өз колун жана моюнун кескен, мындан улам Бишкектеги №1-тергөө абагынан №47-колониянын ооруканасына жеткирилгенин билдиришкен.