Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын сотунда сот тыныгуу жарыялап, элдин каршы болгонуна карабай отурум токтотулду

Бүгүн, 23-июнда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде баш аламандык уюштурган деп айыпталып кармалган тарапташтарынын кезектеги сот отуруму уланууда.

10:10 Соттук отурум башталар алдында милиция кызматкерлери Жапаровдун тарапташтарынын жана маалыматты чагылдырууга келген журналисттердин документтерин текшерип киргизүүдө.

Баш аламандык уюштурду деп айыпталып жаткандардын соту белгиленген сааттан өтүп башталбай жатат.

10:13 "Соттук отурум өз убагында башталышы керек болчу. Бирок айыпталуучулардын ишин караган судья Марат Сыдыков райондук соттун иш бөлмөсүндө отурат. Мындан улам кандайдыр бир бүдөмүк ой жаралууда", - деп билдирди жактоочу Шарабидин Токтосунов. Соттук отурум саат 10:00гө дайындалган.

10:16 Сот соттук отурумга кечигип келип 15 мүнөткө кеч башталды.

10:24 Соттук отурумдун алдында айыпталуучулардын тарапташтары менен сот залына кирип отуруп алган белгисиз адамдар чырдашышты. Натыйжада Жапаровдун тарапташтары аларды сыртка чыгарып жиберишти. Алар 10-башкармалыктын кызматкерлери экени аныкталды. Соттолуучулардын тарапташтары "залга соттолуучулардын туугандары кире албай, батпай жатышса чоочун адамдар эмнеге кирип отуруп алышты?" деп нааразы болушту.

10:28 Учурда Орозбек Иманкадыров милициянын полковниги, Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын башчысы күбө катары сотко жооп берүүдө.

"Биз 25-мартта Садыр Жапаров келет экен деп Горький эстелигинин жанына чогулуп баштадык. Кийин аны УКМК кармап кеткенин угушуп, эл ошол жакты көздөй жөнөштү. Мен өзүм Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын башчысы катары аларды жолдон унаалар сүзүп кетпесин деп коштоп жүрдүм. Азыркы соттолуучулар кыйкырып тартипти бузгандыгы үчүн кармалды. Ал аракеттери майда бейбаштык кылмыштарына кирет".

10:34 "Адамдардын тагдыры чечилип жатат. Сиз так айтыңыз. Кармалып тургандардын кимиси кайсы мыйзамды бузду. Ар бирин туура, так айтып бериңиз", - деген суроо менен Шарабидин Токтосунов окуянын күбөсү катары жооп берип жаткан Орозбек Иманкадыровго кайрылды.

"Ал жерде 800дөй адам болгон. Бул жерде отургандардын кимиси таш, желим бөтөлкө ыргыткандарын көргөн жокмун. Арасынан көз айнек тагынган сакалчан адам кыйкырып жүрдү. Ал адам ушул жерде отурат", - деп жооп берди Иманкадыров.

10:51 Жактоочу Номанжан Аркабаев күбөгө: "Сиз шаардагы тартипти сактоо боюнча башчы болуп иштейсиз. Ошондо эстеликтин жанынан эле митингчилерге УКМК тарапка барбагыла деп айтып койбойт белеңиз?" - деди.
Күбө "менин антип айтканга укугум жок аны сот гана чечет", - деп жооп берди. Жактоочу Токтосунов күбөгө "Эркланбек Тагаевди ошол күнү көргөм дедиңиз. Ал мыйзам буздубу ошол күнү" деп сурады.
Күбө "мен андай юридикалык баа бере албайм", - деп жооп берди.

10:56 Учурда 10-башкармалыктын кызматкери Нуржан Кыйрабаев күбө катары суралып жатат. Ал өз көрсөтмөсүндө буларга токтолду.

"Суралып жаткандар менен тууганчылыгым жок. Ал күнү саат 12:00дөр чамасында элдер Горький паркында чогулган. Арасынан Рустам Жапаровду көргөм. Элдин арасында "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып турушкан. Арасында сакалчан Чыңгызхан Кожогелдиев автобуста кыйкырып жаткан. Элдер "биз Жапаровду чыгармайынча аягына чейин турабыз" деп кыйкырып жатышты. Ошондой эле элдер УКМКнын алдына тынч баралы деп жатышкан. Биз Горький эс алуу багынан УКМКга барганда Рустам Жапаров элди алды жакка чакырып жатты. Бирок мыйзам бузган аракетин кылган жок", - деди Кыйрабаев.

11:09 Жактоочу Аркабаев "убагында мен да ИИМдин 10-башкармалыгында жетекчилик кызматтарда иштегем. Силерди мыйзам бузгандарды элдин арасынан бөлүп кармагыла деп команда берилди беле?" - деп сурады. Күбө Кыйрабаев "жок андай болгон эмес", - деди.

Сот күбөдөн "Сиздердин жетекчилер Садыр Жапаровдун туугандарын кармап, камагыла деп айтты беле?" - деп сураганда, күбө "жок" деп жооп берди.

11:13 Кийинки күбө Медер Рыскулов, Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын ага ыкчам кызматкери.

Сот күбөдөн "темир тордун ичиндегилер менен тааныштыгыңыз барбы?" - деп сурады.
Күбө мага орусча суроо бериңиз деди. Судья суроосун кайрадан орус тилинде кайталады.

Күбө "митинг күнү Айдинбек Шамшидин уулун, Рустам Жапаровду сакалчан Кожогелдиевди, Тагаевди көрдүм".

Жактоочу Замир Балбаев күбөгө "Сиз ага ыкчам кызматкер экенсиз ошол күнү 10-башкармалыктан канча кызматкер барды?" - деп суроо узатты. Күбө Рыскулов "Канчоо экенин билбейм, мен Кыйрабаев деген кесиптешим менен баргам эртең менен", - деп жооп кайтарды.

Жактоочу Токтосунов: "Сиз соттолуучулардын арасынан ошол күнү таш ыргытып, таяктар менен ургулагандарын көрдүңүзбү?"
Күбө: "Жок андай адамдарды байкаган жокмун, бирок элдер өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү".

11:40 Соттук отурумдун жүрүшүндө жеке ишкер Бекболсун Абсатаров күбө катары суралууда.

"Суралып жаткандардын баарын тааныбайм. Тааныгандар менен пикир келишпестигим жок. УКМКнын алдында митингде болгом. Бирок мен алысыраак жерде болчумун. Ага чейин Горький сейил багында эки милиция кызматкери "Жапаровду УКМКга алып кетти" деп элди ээрчитип барды. Мен болсо Жапаровду тосуп алуу үчүн баргам. Милиция кызматкерлери элди УКМКга жүргүлө дебесе эл ал жакка бармак эмес. Андан соң милиция кызматкерлери баштаган жол менен УКМКга жөнөштү. Ызы-чуу башталганда эл туш тарапка качып баштады. Милиция адамдардын четинен колуна тийгенин кармап кетип жатты. Ал күнү Жапаровду эл тосуп алып, айылына барып түлөө өткөрүү максаты бар болчу. Ата-энеси түлөөгө союуга малын даярдап отурган", - деди Абсатаров.

Соттун "Садыр Жапаров менен байланышыңыз барбы" деген суроосуна Абсаттаров "үй-бүлөлүк карым-катнашым" бар деп жооп берди.

11:53 Кийинки күбө катары суралып жаткан жаран Марлен Жайнаков, 10-башкармалыкта өзгөчө иштер боюнча ага ыкчам кызматкер. Ал соттон орус тилинде жооп берейин деп суранды. Сот соттолуучулардын кимисин тааный тургандыгын сурады. Күбө Жайнаков "таш көтөрүп чуркап бараткан бирөөнү көргөм, ал Байгазы Казиев болчу. Кийин тергөө маалында да ал өзү айтты", - деп жооп берди.

Жактоочу Токтосунов: - Сиз Казиевдин канчалык көлөмдөгү ташты алып чуркап баратканын көрдүңүз?
Күбө: - Мен өлчөмүн айта албайм, бирок чоң таш болгондуктан эки колдоп көтөрүп, курчап турган милицияны көздөй келатты. Бизге жетекчилик тигини жаса, муну кыл деп буйрук бербейт. Бирок биз өз милдетибизге кирген жумушту аткарабыз. Ал күнү формачандар митингчилерди кармады, биз көз салып турдук.

Жактоочу күбөдөн "Казиевди таш көтөргөнүн көрүптүрсүз, аны ошол күнү ким сабады?" - деп сурады.
Күбө "эгерде адамды кармоодо каршылык көрсөтсө милиция кызматкери "самбо" ыкмаларын колдонот" деп жооп берди.

Жактоочу: - Самбонун ыкмасы кандай болот?
Күбө: - Китепти ачып окуп алыңыз.
Жактоочу: - Анда самбодо адамдын бетин жара чапса болобу? Себеби ошол күнү сиз көргөн Казиевдин беттери жарылган болчу. Анын бетин көрдүңүзбү?
Күбө: - Жок, мен анын бетин көргөн жокмун.

12:10 Жактоочу Токтосунов: - Урматтуу сот, менин сөзүм сизге жакпашы мүмкүн, бирок көңүл буруңуз! Күбө өзү 10-башкармалыкта иштеп туруп тергөөдө Казиевди "иним, сен туура эмес кылыптырсың" деп акыл үйрөтүүгө акысы барбы?

Күбө Жайнаков: - Эми баары эле адамды жакшы болсун дейт да, мен ал күнү тергөөдө күбө катары өтүп жатканда жөн гана ага катары Казиевге насаат айткам. Мындай насааттарды улуулардын баары эле айтат да.

12:25 Соттук отурумдун жүрүшүнө күбө катары чакырылган 10-бөлүмдүн кызматкери Расул Мусаев жооп берди.

"Мен митингде соттолуучу Улан Усуповду көргөм. Эл митингде Жапаровду алып келишти деп айтып жатышты. Горький эс алуу багында 600дөй адам чогулду. Көпчүлүгү 25-35 жаш курактагы жаштар болчу. Бир канча убакыттан кийин УКМКнын алдында турган элдин маанайы агрессивдүү болуп баштады. Улан Усупов бирөөнү уруп чапканын көргөн жокмун, бирок ал кыйкырып, өзүн алып жүрүшү агрессивдүү болчу. Ага чейин Горкий багында турган эл УКМК тарапка өздөрү кетти. Алар ал жерде мыйзам бузушкан жок. Ошол эле учурда мен митингде жүргөн Улан Усуповго эч кандай доом жок", - деди Мусаев.

12:35 Күбө Бахтыяр Карагулов, Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын кызматкери:

"Бизге 25-мартта мэриядан Жапаровдун тарапташтары Горькийдин эстелигинин жанында митинг уюштурат деген билдирүү келди. Кызматкерлер менен чогуу коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн мен да бардым. Түштөн өтүп калганда Жапаровду кармап кетиптир деген кабарды уккан эл УКМКны көздөй жөнөдү. Казиевдин таш көтөрүп баратканын көрдүм. Автобустун сынган айнегинен Кожогелдиевдин башын чыгарып турганын көргөм. Кийин балдарды кармап Биринчи Май РИИБине алып кетишти".

Күбө жактоочулардын Казиевдин таш көтөрүп баратканы боюнча суроосуна "мен колунда ташын көрдүм, муштумдай болчу" деп жооп берди.

12:56 Сот соттук отурумдун жүрүшүнө тыныгуу жарыялады. Ага жактоочулар макул болгон жок. Жактоочу Шарабидин Токтосунов "Бүгүнкү отурум саат 16:00гө чейин болушу керек. Биз ушунча адамдар ишибизди таштап келгенбиз. Болбосо өзүңөр соттой бергиле", - деп чыкты. Жыйынтыгында соттолуучулар жана алардын тарапташтары, жактоочулар сот отурумунун кийинкиге жылдырылышына макул болгон жок. Тарапташтары сотко "Кудайдан коркуңуз" деп кыйкырып жатышты.

Соттун "саат 14:00дө башка соттук процессим бар, сотту кийинкиге жылдырабыз" дегенин эл ызы-чуу түшүп укпай коюшту. Ошол себептен митингде баш аламандык уюштурушту деп шектелген 12 жарандын соту качан болору белгисиз бойдон калды.

13:10 Соттолуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов "Бул жерде 12 соттолуучу бар. Соттор отурумдун түштөн кийинкисин жылдырып, Садыр Жапаровдун ишин карайбыз деп жатышат. Бул жогору жактан келген заказ. Соттук отурум саат 16:00гө чейин коюлган соң соттун бул отурумду жылдырууга укугу жок. Бул, демек, биз жана башка суралуучулар кийинки отурумдарга катышсак да, катышпасак да соттор өздөрү каалагандай чечим чыгара алабыз дегендигин таңуулап жатышат. Эгер мыйзамды сыйлаган соттор болсо, өздөрү белгилеген соттук отурумду аягына чейин аткарышы керек болчу", - деген пикирин билдирди.

Соттук отурум токтотулду. Кийинки отурум качан болору белгисиз бойдон калды. Кийинчерээк соттолуучулардын жактоочулары келерки отурум 7-июлда болорун кабарлашты.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту ызы-чуу менен өттү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Revolyutsiya2
2017-06-23 12:30:49
УКМК кызматкерлеринин баарын иштен бошотуу керек. Жапаровду колдоо митингинде УКМКнын кызматкерлери коптоп куч колдонуп митингчилерди машинага салып кетип жаткан видеолору журот го, же булар да Мусабековага окшоп видеомонтаж деп чыгабы?! Формачан милиция менен формасы жок элге аралашып жургон тынчы УКМК кызматкерлерин кантип ажырата албайбыз. Калп айткан куболор мыйзам чегинде жазаланышы, кызматынан бошотулушу керек...
+3
aravan.kg
2017-06-23 14:10:15
Элди урупда ойнобой калды булар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан