Бүгүн, 2-апрелде саат 7:00 чамасында Бишкектеги №1-тергөө абагындагы Садыр Жапаров №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, анын абалы жакшы.
Учурда анын тарапташтары жана туугандары аталган оорукананын алдына чогулушту.
Анын жубайы Айгүл Асанбаеванын айтымында, аны Садыр Жапаровго жолуктурбай жатышат.
"Акыйкатчынын айтымында анын кан басымы 90-60 экен, бул аябай төмөн. Мен анын жаракаты канча экенин билбейм, мени киргизбей жатышат. Апабыз 85те. Кары кишилерге оор экен. Азыр ооруканада. Жактоочу аркылуу сүйлөшүп, тергөөчүнүн уруксаты менен жолугуу мүмкүн экен. Бирок тергөөчү менен байланыша алган жокмун", - деди жубайы.
"Эң негизгиси балдарымдын атасын көрүшүм керек. Уулум Рустамды жакшы деп эле отургузуп коюшту. Бирок мен ишенбей калдым. Же мен кире албайм. Укук коргоочу кирип чыкты, абалы жакшы дейт. Менин күйөөм тууралуу маалыматым болгону ушул. Кичүү балам сабалып, 5 күн ооруканага жатып чыкты. Анын абалы начар, психикалык жактан жабыркап калды. Региондордон чалып, чыгалы деп жатышат. Мен кайраттуу болуп, токтотуп жатам. Жаракатын тигишиптир", - деп кошумчалады Айгүл Асанбаева.
Ал эми чогулгандар Садыр Жапаров тууралуу маалымат берүүнү суранып жатышканын билдиришти:
"Эмне үчүн аялын, туугандарын киргизүүгө болбойт, кооптуубу? Биз талап кылган жокпуз, биз суранып жатабыз. Эмнеге биздин укуктар тебеленип жатканда, акыйкатчы, депутаттар биздин арабызга кошулбайт? Ушундай маалда биз менен болбогондо, качан болушат? Садыр Жапаров "элим менен жолугуп алайын" дегенде, эмнеге жолуктурбай коюшту? Ага да, макул болдук. Эми бул жерден да аялын жолуктурбай жатышат. Мындан ары да Садыр Жапаровдун ден соолугуна коркунуч болбойт, башынан чач түшпөйт деп кепилдик берилсе, тарап кетет элек".
Чыңгыз Капаров аттуу Садыр Жапаровдун тарапташы: "Бийликтин ээси - эл" деп айтылат мыйзамда. Жапаровго акыйкатчынын өкүлү, жактоочу кириши керек болчу. Саясатчылар УКМКга камалышы керек болчу. Убактылуу кармоочу жайга алып келбеши керек болчу. Дем алыш күнү болсо да, Кубат Оторбаев келиши керек болчу".