Бишкекте автокран Toyota Highlander үлгүсүндөгү унааны сүзүп, үстүнө оодарылып түштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 15-ноябрда болжол менен саат 08:30да Фрунзе жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Батышты көздөй бара жаткан автокран Toyota Highlander унаасы менен кагышкан. Соккудан кийин автокран унааны бир нече метр сүйрөп барып, анын үстүнө кулаган.
"Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон жок. Учурда эки унаа тең айып короого киргизилди. Окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды", - деп кошумчаланды маалыматта.