Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп айдаган Ferrari F430 унаасы Флоридада 270 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Франс Пресс басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, унаа аукционго кечээ, 1-апрелде коюлган. Трамп аны 2007-жылы сатып алган. 4 жыл өткөн соң 2,4 миң миль (3,8 миң чакырым) жол жүргөн унаасын саткан. Анын кийинки ээсинин аты айтылган эмес.
"Ушундай эле үлгүдөгү унаалар жүргөн чакырымы, абалына байланыштуу 125 миңден 175 миң долларга чейин сатылат", - деген аукциондун уюштуруучусу. Унаанын жаңы ээсинин аты да айтылган эмес.