Кытайдын Сычуань провинциясында Хэшэн аттуу панданын эркеги эркиндикке коё берилгенден 2 айдан соӊ өлүм тапты. Жаныбар жергиликтүү зоопарктардын биринде чоӊойгонун "The Hindu" басылмасы өткөн жумада жазып чыккан.
Панда өткөн жылдын сентябрь айында өлгөн, бирок массалык маалымат каражаттарына эми билдиришкен. Ал 2013-жылы туулган. Аны табигый жаратылышта эркин жашоого 2016-жылдын март айынан бери даярдашып, июль айында коё беришкен. Эки айдан соӊ анын моюнуна орнотулган GPS-белги боюнча өлүгүн табышкан.
Изилдөөчүлөр панда бир нече жаракаттарды алганын, белгисиз жандыктын кол салуусунан улам өлгөнүн билдиришкен.
Белгилей кетсек, панда жоголуп бара жаткан жаныбарлар деп эсептелип, Кытайда өзгөчө камкордукка алынган.