Улуу Британиянын Хейшем шаарынын тургундары Facebook`тагы баракчасы аркылуу 20-наристесин күтүп жатканын маалымдашкан. Бул үй-бүлөнү чет элдик басылмалар аталган өлкөдөгү "эӊ көп бүлөлүү, эӊ чоӊ үй-бүлө" деп аташат.
41 жаштагы Сью жана 46 жаштагы Ноэль Рэдфорд үйүндөгү кыз-балдардын саны эсептелген сүрөттү жарыялап, келечекте дагы бир перзентти күтүп жатканын жазышкан. 10 уул, 9 кыздын ата-энеси төрөт сентябрь айында болорун билдиришкен.
29-мартта жүктөлгөн сүрөт 33 миӊден ашуун "жакты" белгисине ээ болуп, 4 миӊге жакын куттуктоолор келген.
Сью Рэдфорд алгачкы жолу 14 жашында кош бойлуу болгон. Жаш түгөйлөр бакма балдардан болушкандыктан баланы сактап калууну чечишкен. Үй-бүлө нан бышыруучу жайдан түшкөн киреше менен күн кечирет. Алар жумасына азык-түлүктөргө 400 доллардай акча коротушат.