Бишкекте жайгашкан Эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университетинин аты "Ала-Тоо" деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу аталган окуу-жайдан SUPER.KG порталына бүгүн, 3-апрелде кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын аталышы "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" деп өзгөртүлгөн соң алмашкан. Мындан сырткары окуу жайдын мурунку ректору Осман Гокалптын кызматынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, анын ордуна экс-депутат Жанкороз Каниметов дайындалды.
Эскерте кетсек, Стамбулдун прокуратурасы Эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университетин террордук идеяларды таратуучу уюмдардын катарына кошкон. Президент Алмазбек Атамбаев бул окуу жайлар Кыргыз өлкөсүнүн ичинде жана стандарттарга ылайык иштеп жатканын айткан.