4-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу токтотулат

"Бишкексууканал" башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 4-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берилбейт.

Таза суу "Батыш" суу топтомундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу берилбеси маалым болду.

"Садыгалиев, Профсоюзный, Фучик көчөлөрүнө, темир жолду бойлой, Кызыл-Аскер, 110-кварталга, Достук кичи районуна, "Шоро", "Алтын Тамыр" ЖАКтарына, "Жашылча", "Нургаз", "Глобал Груп" , "Кыргызконьягы", "Тамга-Таш ЛТД", "Ак Жол", "БПП Резьби" ЖЧКларына, "Транс Союз Азия", "Асскон", "Бишкекский Мясокомбинат" ААКыларына, "Кыргызмебель", "Бишкек-Петролеум", "Полибетон" ишканаларына, Улуттук гвардиянын бөлүмүнө, ИИМдин атайын мектебине, Сельсоветский көчөсүндөгү №1-үй-бүлөлүк медициналык борборуна, Кайназаровадагы Наркология борборуна, "Илбирс" АКынын филиалына, №15, 49, 50, 54-мектептерге, №159-бала бакчага, №2901-унаатайпасына, №1-интернат мектебине, Газ шаарчасына, аскер шаарчаларына, аскер бөлүктөрүнө, райондук от казандарга, Лумумба көчөсүндөгү УКМКга, Батыш РЭСке, Кондитердик фабрикага, Ленин районунун аскердик комиссариатына, "Фрунзе-Плюс" гипермаркетине суу берилбейт", - деп жазылат маалыматта.

"Бишкексууканал" башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан