Сурамжылоо: ЭРТЕҢ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БОЛСО... (3-17-апрель, 2017-ж.)

SUPER.KG порталында быйылкы жылдын күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кийинки айлампасы старт алды.

Өткөн 2 жума аралыгында президенттик шайлоого талапкерин расмий аныктап, аттандырган саясий күчтөр болгон жок. Садыр Жапаровдун чет өлкөдөн кайтып келүүсү, өлкөнүн аймагына кадам таштаганда эле УКМК тарабынан кармалышы Кыргыз жериндеги абалды бир аз курчутту. Ал кайтып келердин алдында президенттик жарышка катышарын айтып, тарапташтарына дем берип, бул жакка келгенде жасай турган иштерин тизмектеп кайрылуу жасаган болчу.
Бул айлампада Аида Салянованы колдоочулар кескин азайганы байкалды. Депутат айым 1 пайызга жетпеген добуш алгандыктан президенттик жарышка катышуусу мүмкүн деп күтүлгөн талапкерлердин тизмесинен четтетилди.

Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.

Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 17-апрелде, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (351)
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-15 10:24:38
Жаш саясатчы деп эле Исаковду колдоп жатышат..Бирок ал кимин окуучусу экенин баары эле түшүнүшө бербейт.Бул жолкусунда Исаковдун бештикке кирбей калганы мени сүйүндүрдү..Биз эч кимге көз карандысыз талапкерди тандообуз зарыл.Жана дагы мурда чоң иште иштеп кыйратпагандар, кийин да кыйратпасынна туура баа берип, жердешчиликтти токтото турганыбыз жакшы болот деп ойлойм
+1
Bek4590
2017-04-15 13:59:08
Abdyrashit.Satylganov, Сен суйунбой эле кой, Сапарчик алдынкы бештикте кетип жатат. 1чи Жалилов, 2чи Жапаров, 3чу Мадумаров, 4чу Бабанов, 5чи Исаков.
+7
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-15 19:31:54
Bek4590,Жалпы добушту эсептесең, бештикке кирбей калган
-3
Badu88
2017-04-15 11:04:07
Ушу илгери илгери деп жомок айткандар жаман куйгузот да силер илгери деп таш доорунда журосунорбу дале кичине ан сезимди ойготуп алдыга жылгыла да азыр деген 21 - кылым эээй силер каякта журосунор
-11
Bubuu88
2017-04-15 14:50:53
Илгери башым иштебеген да мадумаровду колдоп, жакшы дагы убагында козум ачылды.
+8
Badu88
2017-04-15 20:21:23
Bubuu88, көзүн ачылганы мн эч нерсени көрбөй жатпайсынбы
-7
Amirov-kutman
2017-04-15 22:17:13
Мадумаров баардык соц сайттарда биринчи ичинер куйсо кар туздан жалагыла
-5
Bek4590
2017-04-15 22:35:05
Amirov-kutman, кайдагы биринчини айтып жатасын? Азыр учунчудо кетип жататко, Жалилов менен Жапаровдон кийин, эгерде Мырзакматов кошулса, тортунчуго тушуп калат.
+5
Badu88
2017-04-16 00:10:31
Бир боло турган адамдарды айткылачы каяктагы Мырзакматов Жапаров Жалилов дей бербей аларды ким шайлайт экен көп болсо бирден үч адам үч добуш береттир анан башка эч ким деле шайлабайт
-3
Badu88
2017-04-16 00:10:55
Мадумаровду бүт кыргыз эли колдойт
-6
Badu88
2017-04-16 00:11:47
Мадумаровду бүт кыргыз эли колдоп добушун берет
-3
Mamat_ele
2017-04-16 00:18:25
Мадумаровдун БИЗНЕССИ жок,
гектарлаган менчик жерлери жок , ун заводу, БЕНЗО заправкалары жок!,
бир туугандары КАРАПАЙЫМ!,
МАДУМАРОВ ЭЛ учун иштеген , КЕКИРТЕГИ учун эмес
3 Жолу бийлик алмашты, Мадумаров таза бойдон жеке позициясын дагы деле озгорткон жок!, Ага каршы аргумент жок!
-4
Mamat_ele
2017-04-16 00:20:30
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Кыргызстандын президенти болот Иншаллах !
-5
Badu88
2017-04-16 04:08:42
Mamat_ele, Инша Аллах
-6
dosmaat
2017-04-16 04:35:07
Мадумарды бул жерде бир гана адамча колдойт, ар кыл ник менен кирип, мен мисалы колдомок турсун ХХХ чыныгы лидерлер Чубак ажы, Жапаров. эгер Чубак ажы коем кандидатурамды десе, ал кишини бүт эл колдоп берет революциядан башка. ал киши коет биз момун мусулмандар суранабыз.
+5
Amirov-kutman
2017-04-16 14:04:24
dosmaat,башы жок башка соц сайттарда да бир адам кирип атабы рахмат азмаз болсо да кулку тартуулаганына
-4
saitkul
2017-04-16 10:30:12
Чубак Садыр текебаев алгааа
+1
japalak79
2017-04-17 02:38:15
Урматту мекендештер Омурбек Текебаевди шайласак Кыргызстандын онугушуно жол ачылат ойлонгула тугандар кийин аттин кылбагыдай болгула
-5
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-17 09:17:22
Зынк Чубак ажы
+1
nursultan21
2017-04-17 10:21:04
Кызык эле Садыр жапаров эмнени кыйратты президент болгудай
-1
Nadirov
2017-04-17 11:07:15
Чубак ажыбыз биринчиго))) мектепти алтын медаль менен бутургон Ажыбызды "молдо" деп жаман коргон Тенирчилер эле колдобойт!!))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан