Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Суусамыр өрөөндөрүндө унаа жолу бузулуп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган ашуунун жолундагы аңдардын айынан жүргүнчүлөр жана айдоочулар жол кыйынчылыгын тартууда.
Айдоочу Нурлан Ботобеков жолдун абалы начар экенине нааразы:
"Төө-Ашуу, Суусамыр жолунун абалы 1 жылдан ашуун убакыттан бери начар. Жок дегенде чуңкурларды жамап койгон эч ким жок. Ош-Бишкек жолунда жүргөнү үчүн ар бир айдоочу 45 сомдон төлөйт. 2 жылдан берки чогулган каражатка оңдоп койсо болот эле. Анткени бул жолдон 1 суткада 500дөн ашуун унаа өтөт".
Ашуудагы жолдун талапка жооп бербестиги ар кандай кырсыктардын болушуна себеп болууда дегендер да бар.
"Ансыз да өмүрү коркунучта бараткан айдоочулар жаман жолдон качам деп, каршы жолдо катуу бараткан унаалар менен сүзүшүп же тетиктери сынып, дөңгөлөгү жарылып жатат. Мындай окуялар бул жолдо күн сайын ондоп катталат", - дейт дагы бир айдоочу Жоро Карабаев.