Кайрымдуулукка чогултулган каражат туура эмес пайдаланып жаткандыгы тууралуу пикирлерди төгүндөө аракети болду

Бүгүн, 3-апрелде жакындары ооруга кабылып, элден кайрымдуулук каражат алган жарандар маалымат жыйын өткөрдү. Алардын биргелешип оюн билдирүүсүнө элден топтолгон кайрымдуулук каражаттары туура эмес пайдаланылары тууралуу социалдык тармактарга жазылган пикирлер себеп болгон.

Маалымат жыйынга, "Кыргызстан сулуусу" Жибек Нукееванын эжеси - Медина Нукеева, актёр Азиз Мурадиллаевдин жубайы - Элвира Жумагулова, 2 айлык Жантайдын чоң энеси - Алтынай Шляермахер, актёр Мурат Мамбетов, музыкант Бакыт Жумагулов катышып, жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиришти.

Алардын ар бири дарыланып жаткан жакындарынын абалы тууралуу сөз кылып, элден жардамга топтолгон каражат даректүү пайдаланылып жатканын айтышты. Муну менен катар социалдык тармактарда туура эмес пикир тарап жатканына токтолушту.

"Инстаграмдагы тайпаларынын биринде "жардамга топтолгон акча туура эмес пайдаланылат" деп, менин неберемдин сүрөтүн киргизген. Ал тайпанын администратору Асема Курманалиевага бул жоругун токтотууну айттык, бирок улам ал менен күрөшүүгө убактыбыз жок. Бардыгыбыз Жантай менен алекпиз. Ооруга эч качан кабылбайм деп эч ким өзүнө кепилдик бере албайт. Биз Жантай ооруп калганда дарылатууга каражат табуу үчүн калкка кайрылууга аргасыз болдук. Бул тайпа өзүнүн баракчасына жазып чыгып, администратордун атына эсеп ачылган. Кийин мен өзүмдүн атыма ачууга аргасыз болдум. Учурда операцияга 88 миң сом жетпей жатат", - дейт табарсык экстрофиясы (табарсыгы сыртында жайгашкан) менен төрөлгөн Жантайдын чоң энеси Алтынай Шляермахер.

Азиз Мурадиллаевди дарылатууга чогулган каражаттын калганы Мурат Мамбетовго которулганы маалым болду.

"Азиз Мурадиллаев дарыланып келгенден кийин эсепте калган каражат менин эсебиме которулду. Мен ал каражатка такыр тие элекмин. Балаң ооруп жатканда топтолгон каражатты кантип башка мүлккө жумшайсың? Мындай пикирин жазгандар жаңылышат", - деди баласы оор илдетке кабылган актёр Мурат Мамбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан