Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын саламаттыкты сактоонун жумалыгы өтөт. Иш-чаранын ачылышы 4-апрелде Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында болот. Ага президенттик аппараттын, өкмөттүн өкүлдөрү, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы элчилери, өлкө аймагындагы медицина кызматкерлери катышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жумалыкка Орусия, Казакстан, Кытай, Польша, Беларусь, Германия, Литва, Украина, Словакия, Түштүк Корея, Түркиядан 59дан ашуун компаниянын өкүлдөрү келет. Саламаттыкты сактоого багытталган иш-чарада Эл аралык адистештирилген "Медицина", "Жашоонун сергек мүнөзү", "Медициналык туризм", "Стоматология", "Аптека" аталышындагы көргөзмө-жарманке уюштурулат.