ЖЫЛНААМА, 3-АПРЕЛЬ: 144 жыл мурун кан топтору жөнүндөгү окууну түзгөн чехиялык дарыгер Ян Янский төрөлгөн

Мындан 144 жыл мурун, 1873-жылы 3-апрелде чехиялык дарыгер, окумуштуу Ян Янский Прагада соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ян Янскийдин эң негизги жетишкендиги - кандын 4 (I, II, III, IV) тобун ачып, анын классификациясын сунуштагандыгы. Кан топтору жөнүндөгү окууну окумуштуу 1907-жылы түзгөн.

Анын пикиринде, кан топтору - ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү. Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында α жана β факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат.
Ян Янский 1921-жылы 8-сентябрда каза болгон.
3-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан