Каракол-Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн улам жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 2-апрель күнү саат 10:30 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-82-83-чакырымдарында көлөмү болжол менен 30 миң куб метрден ашык кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. "Аталган унаа жолдо азыркы учурда унаалар каттабайт. Тазалоо иштерине №11-жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер, 2 грейдер жана 1 жүктөгүч тартылган, тазалоо иштери уланууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.