ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Бүгүн Эл аралык интернет күнү

Бүгүн, 4-апрель - Эл аралык интернет күнү. Интернет - бул бириктирилген компьютердик тармактардын бүткүл дүйнөлүк желеси.
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдынкы изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла баштайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @ электрондук белгисин иштеп чыгат. 1982-жылы "Арпанет" TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.
Ал эми Кыргыз мамлекетине интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Дүйнө жүзүндө интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытай, Сауд Арабия, Иран, Египетте диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.

4-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан