Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жардыруулардан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала элек. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы башкармалыгынан алынган маалымат боюнча Санкт-Петербургда метродон чыккан жардырууларда каза болгон жарандардын арасында Кыргыз жарандары катталган эмес. Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсеси аталган жардырууда жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандардын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоодо. Расмий тизме күтүлүүдө. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
Жардыруулардан орусиялык ММКлардын маалыматтарына ылайык, жаракат алгандардын саны 43кө жетти.