Улуу Британияда бир топ жашка барган аял 70 жылдан ашуун чогуу жашаган күйөөсү каза болгондон 4 мүнөт өткөн соӊ каза болгон. Бул тууралуу "The Telegraph" басылмасы кечээ, 3-апрелде жазып чыккан.
Түгөйлөр ал учурда эки бөлөк жашап жатышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу, 93 жаштагы Уилф Расселл (Wilf Russell) бир жыл мурун кем акылдык деген диагноз коюлгандан тарта карылар үйүндө жашап жаткан. Ал эми 91 жаштагы Вера Расселл (Vera Russell) ушул жылдын январынан тарта ооруканада болгон.
Түгөйлөрдүн туугандарынын басылмага берген маегинде, күн сайын күчөгөн оорусунан улам Вераны жолдошу жолугушуу учурунда тааныбай калган. Муну көрүп, билгенден тарта аялдын ден соолугу кескин начарлай баштаган.
29-март күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртеӊ мененки саат 6:50дө Уилф карылар үйүндө каза болгон. Бул учурда андан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан ооруканада 6:54тө Вера көз жумган. Жолдошу каза болгону тууралуу ал билген эмес.
Уилф 18 жашында келечектеги келинчеги, 16 жаштагы Верага үйлөнүү тууралуу сунушун киргизип, шакек салган. Бирок түгөйлөр согуш бүткөндөн соӊ 1945-жылдын 5-сентябрында баш кошушкан.