ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов 64 жашка толду

Кыргыз эл акыны, Жазуучулар Союзунун төрагасы Акбар Рыскулов 64 жашка толду. Ал 1953-жылы 4-апрелде Кемин районундагы Чымкоргон айылында туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында корректор болуп иштөө менен баштаган.
Кийин котормочу, кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, ал эми 1986-жылы гезиттин редактору болуп иштеген. 1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекетинин Жазуучулар союзунун башкармалыгынын аппаратында чыгармачыл жаштар менен иштөө боюнча адабий кеңешчи, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчысы болгон. Ал эми 1987-жылы Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы, 1991-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси, 1993-жылдан тартып "Кыргызкабар" мамлекеттик маалымат aгенттигинин директору, 1995-жылдан 1996-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү, 1996-жылдан 2001-жылдын августуна чейин атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы, 2004-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.
Акбар Рыскуловдун "Көгүчкөндөр бийик учушат" аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1975-жылы чыккан. Акын Игорь Мазнин, Любомир Левчев, Хо Ши Минд, Иоганн Гёте жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акындын "Мезгил жебеси" поэтикалык жыйнагы жана "Күрөө тамыр" поэмасы 1983-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. А.Рыскулов "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана Казакстандын "Маданият кызматкери" наамдарынын ээси.
А.Рыскуловдун чыгармалары орус, казак, англис, француз, немис, хинди тилдерине которулган. 1978-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1979-жылдан тартып СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. 2016-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган.

4-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан