Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы соода борборлоруна жакын, шаардын кыймылдуу көчө кесилиштеринде лифт жабдууларын орнотуу менен жер үстүндөгү өтмөктөрүн куруу долбоорун иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорлор кыймыл көп көчөлөр боюнча иштелүүдө:
- Шабдан баатыр – Мамбетов көчөлөрү ("Мадина" соода базары);
- Жибек Жолу жана Муса Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан датка ("Аламүдүн" соода базары);
- Чүй проспектиси менен Шопоков кесилиши ("ЦУМ" соода борбору);
- Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилиши ("Ош базары" соода базары).
2017-жылга карата иш пландарына ылайык, Шабдан баатыр - Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде, Жибек Жолу жана Муса Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан датка көчөсүндөгү эки өтмөктү куруу пландалууда. Сынактык арыздарды ачуу үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде өткөрүлөт. Өтмөктөрдү куруу иштерин 2017-жылдын 31-августуна аяктоо пландалып жатат.