ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: 32 жыл мурун Кыргыз өлкөсүнөн чыккан алгачкы аял режиссёр Динара Асанова көз жумган

Мындан 32 жыл мурун, 1985-жылы 4-апрелде советтик алгачкы кыргыз режиссёр айым Динара Асанова Мурманскиде "Бейтааныш кыз" киносун тартууга даярдык көрүп жатканда жүрөк оорусунан улам 42 жашында көз жумган. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Кыргыздын белгилүү кинорежиссёру Динара Асанова "Ленфильмде" иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы "Тоңкулдактын башы оорубайт" фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, анын ысымы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон.
Ал 1942-жылы 24-октябрда Фрунзеде туулган. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калат. Апасы Марзия Камалова көп жылдар бою "Советтик Кыргызстан" гезитинде иштеген. Динара Асанова Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтун бүтүп, "Кыргызтелефильмге" келгенде, аны "кыз бала экен, кыздын колунан эмне келмек эле" дешип кабыл албай коюшат. Ошондо апасы Марзия Камалова ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, "Кызымды "Кыргызтелефильмге" жумушка албай жатышат, жардам бериңиз" деп кайрылат. Бирок Кондучалова да, "Бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коёт. Ошентип Динара Асанова “Ленфильмде” калып, дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратат. Анын “Жан дүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм болгон. Ал дүйнөгө белгилүү болгондон кийин гана Кыргыз мамлекетине чакыра башташат.
Режиссёрдун "Тоңкулдактын башы оорубайт", "Боз балдар", "Сүйүктүүм жана кымбатым", "Жан дүйнөнүн ачкычы" көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Ал эми Валентин Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан "Рудольфио" аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган. "BBC" телекомпаниясы ал тууралуу "Динара Асанова" аттуу даректүү фильм тарткан. Режиссёрдун туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.
Жеке жашоосу
Динара Асанованын жолдошу график Николай Юдин болгон. 1971-жылы түгөйлөр Анвар аттуу уулдуу болушкан. Режиссёр уулун өзүнүн бир катар тасмаларына тарткан.
4-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан