Президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде Санкт-Петербургдагы эки метродо болгон жардырууларга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.
"Санкт-Петербургдагы адам өмүрүн алган жардыруу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы бейкүнөө адамдарга жасалган адамгерчиликсиз актты сынга алат. Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан жакындарын жоготкондорго көңүл айтам жана жабыркагандардын айыгып кетишине тилектешмин", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.