"Тарых ээси - эл"

2010-жылдын 7-апрели элдин эсинде оор жоготуу, кайгылуу окуя катары калды. Мамлекеттин келечектеги тагдыры өтө кооптуу бурулушка келип калганда, эл толкуп кан төгүү жолу менен бийлик алмашты. Өлкөбүздө элдик революция болду деп элдин эсинде калгандан бери 7 жыл өттү. Чыгыштын улуу ойчулу Саадинин “чындыкты кайталап айтып, эске салып турбаса ал убакыт өткөн сайын унутула баштайт” деген сөзү бар. 2010-жылдагы 7-апрель Элдик революциясына баа берип дүйнө элдеринде, өзгөчө Европа өлкөлөрүндө болгон революцияларга салыштырсак.

Дүйнөдөгү революциялар жана Кыргыз жериндеги 7-апрель Элдик революциясы

Революциянын ана башында Англия феодалдык түзүлүш 17-кылымдын экинчи жарымында башталган таптык күрөш феодалдык түзүлүштөн капиталисттик түзүлүшкө өтүү революциялары. 17-кылымдан 19-кылымга чейин Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө бир нече жолкудан кайталанып болгон 1641-1653-жылдардагы революцияларга, пайдасыз, жыйынтык бербеген “бунт ” деген түшүнүктөр берилген. 1688-жылдагы революцияда кан төгүлгөн эмес “славная революция” деп даңкташкан. Негизи дүйнөдөгү революциялардын бардыгы эки тараптуу куралдуу кагылышуу менен жүргөн. Кээ бир маалымат каражаттары 7-апрелди эки тараптуу куралдуу кагылышуу деп жазып чыгышты, эгерде куралдуу кагылышуу болсо, бир тараптан 90 киши өлүп, экинчи тараптан 2 эле киши өлөбү? Тасмадагы көрүнгөн элдин колундагы куралдарды көрүп эле ушундай баа берилишине кантип ишенсек болот? Калыс карап 7-апрелде саат 10:00дөн түнкү саат 11-12ге чейин болгон окуянын хронологиясына, дүйнө элдеринде эч качан, эч бир өлкөдө окшоштук болгон эместигин көрө алабыз. Куралчандар менен куралсыздар күнү бою согушушту. Жыйынтыгында куралсыз тарап жеңип чыкты. Ошондуктан дүйнө элдери жогорку деңгээлде баа беришти. Дүйнөдөгү эпостордун алпы “Манас” жомок эмес чын экен деген ишеним калыптанды. Апрель революциясынын илеби башка өлкөлөргө да таркады, бирок окшош эмес, кээ бир өлкөлөрдө кырдаал күчөдү, бирок биздин өлкөдөгүдөй болуп ишке ашабы?

Апрель революциясынын илеби Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүнө, Египет, Тунис, Ливия, Йемен, Алжир, Ирак, Иордания, Сирия, Марокко өлкөлөрүнө тездик менен тарап бийлигине нааразычылык акциялары коом ичиндеги баш аламандыктар менен коштолуп бир топ кан төгүүлөр менен болду. Кан төгүлүүсүз бүткөн революциялар деп аталууда. Түстүү революцияларга чейин “бархатный” деген термин менен айтылчу. Чыгыш Европа өлкөлөрүндө 1980-жылдардын аягы 1990-жылдардын башындагы төңкөрүштөр 2000-жылдагы Югославиядагы революция “бархат революциясы” кан төгүлүүсүз ишке ашкан деп айтылат. Кыргыз мамлекетинде 2005-жылдагы март революциясы "Жоогазын революциясы" деп, Тунистеги окуя “жасмин” революциясы, Египеттеги окуя маалымат технологиянын жардамы менен тез таркаганы айтылып “интернет” революциясы деп аталат. Америкалык эксперт Майкл Макфаул кыргыз жериндеги Апрель революциясы эч кандай түстүү революциялардын катарына кирбейт деп айтканы бар. Кыргыз эли дүйнө элдеринин ичинде эң улуу элдин бири. Аны кара тарых тастыктап турат. Баатыр эл экенбиз, “Манас” эпосу дүйнөдө теңдеши жок жана ошол эпосту бир эле адам күндүр-түндүр шатыратып жатка айтат. Мындай касиет эч бир элде жок. Жер жүзүнө адам жаралып, акыл-эси болгондон бери согушуп келе жатат. Эчендеген кандар акты жер бетине. Апрель окуясында Ак Үйдүн алдындагы төгүлгөн элдин каны жерге сиңип, жамгыр менен жуулуп жок болуп кеткендей, элдин эсинен кетпеш керек. Кыргыздын карт тарыхынан 21-кылымдын барагына өчпөс тамгалар менен жазылып калышы зарыл. 7-апрель элдик революциясы эмнени алып келди, жыйынтыгы эмне болду, алдыда дагы эмнелер болот? Мындай суроолорду берүүдөн мурун, Кыргыз мамлекетин, эгемендүү, эрктүү мамлекет катары өтө коркунучтуу “Массон Максим” деген ажыдаар жутуп жиберерде колдорунда курал жок эл кан төгүү менен сактап калды дешибиз керек. Жараткан бир нерсени жасаш үчүн анын келип чыгуу себебин алдын ал, анан мен болтурам деген, баатырлар себебин кылышты, кан төгүлдү, Жараткан колдоду, эл мүдөөсүнө жетти.

Апрель окуясына окумуштуулардын берген баасы

2001-жылдын 19-мартында Кыргыз илимпоздорунун катышуусундагы илимий практикалык конференцияда 7-апрелдеги тынчтык митинги революцияга айланып кеткен “7-апрель чыныгы элдик революция” - деген окуянын жүрүшүн талкуу кылышып, деңгээлине баа беришти. Ошол жылдары өлкөбүз өзгөрүү же жоготуу жолунда тургандыктан революция элдик мүнөздө, тарыхый-саясий кырдаалдын бышып жетилгендиги менен баса белгилешибиз абзел. Анткени кыргыз күрөштөрүнүн жүрүшү жана жыйынтыгы улуттук аң сезимдин өсүшүнө алып келген. Улуттун мыктылыгын, улуттук биримдиктин чыңдалышын бекемдеп, мындан ары да жалпы ынтымакта өлкөбүздүн тагдырын чечүүчү күч катары чыгуусун аныктаган жалгыз жол болуп калды. Апрель революциясынын жыйынтыгы Улуу Октябрь революциясынан сабак алып, ички-тышкы контрреволюциячыл күчтөрдү канына киргизген жана революциялык туура жолдон тайбай, өз миссиясын так аткара алды деп ишенимдүү айта алабыз. Бирок азыр да котур ташы колтугунда катылган контрлар жок эмес.

Революция деген түшүнүк тарыхта узак жолу бар, ички түзүлүштөрү ар кандай болуп коомдук-саясий турмушунда жана тарыхта өзгөчө окуялар менен коштолуп жана бүгүнкү күндө көптөгөн илимпоздор, философтор, социологдор, саясатчылар жана тарыхчылар коомго өзгөртүүлөрдү алып келген ар кандай окуяларга саясий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Кыргыз мамлекетиндеги 7-апрель элдик революциясындагы окуяларды кылдат изилдеп, дүйнөлүк революцияларга окшоштугун, өзгөчөлүгүн жана айырмасын аныктап, калыс баа берет деген ойдобуз.

Акыркы мезгилдерде бийликтегилердин ортосундагы тирешүү күчөдү. “Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат” дегендей кандай күндө да өлкөдө бөлүнүп жарылуу болбой, тынчтык болсун. Нүзүп бийдин Шералынын чокоюн хан сарайга илдирип койгондой, Ак Үйдүн алдындагы эстелик, түбөлүк ташка жазылган апрелдеги мекен үчүн шейит кеткендердин тизмеси өткөн доордогу кетирген жаңылыштыкты азыркы доордун бийлик башындагы чыгаандар кайталабайт деген ишенимде бололу. Бийлик элдин колунда. Ошон үчүн эгемендүү, эрктүү, тең укуктуу өлкөбүз.

Тарых бир эле өткөндүн окуясы эмес, урпактарга улуу нуска, ибарат. Тарых баяны арттан чыккан үн эмес, алдыдагы жаңырык, улам кийинкилерге жеткен чакырык. Эл эч нерсени унутпайт. Тарых ээси - эл.

Апрель баатырларына күйгөн кошок.

Баатыр болбой Ошто жанын бергендер,

Ак үйдү алган баатырлары жайнады.

Кайсы жоону жеңгендерин билбеймин,

Бүтпөйт дале салтанаты, майрамы.

Ошто эрдик көрсөтүшкөн жигиттер

Баатыр болбой басып кетти кантейин

Апрелдик баатыр экен билбепмин,

Базардагы бозо саткан байкенин.

Баатыр наамы соода менен сатылган,

Бирөө жүрөт “баатырмын” деп төш кагып

Алы жеткен катынына бакырган

Бирөө жүрөт үйдө жатып “баатыр” болуп.

Бирөө жүрөт “баатыр” болуп кокустан ок жаңылган,

Бирөө жүрөт “баатырмын” деп көчөдө

Бетин жуубай, чимкиригин агызган.

Лөлүлөрдөй өз чатырын өрттөшүп,

Баатырлардын жүргөнүнө күлөмүн.

Көргөн жокмун, уккан жокмун билбеймин,

Миң сан “баатыр”арасында булардын.

Чолпонбайдай кыргызымдын баатырын

“Баатыр” деп эсептеймин Оштогу

Жигиттерди өткөн, өткөн жалындан.

(Толук эмес)

Автор: Рахман Разыков 2016-жыл, февраль

Рахманга жооп

Маданият тармагы,

Кичүү муун үлгүсү,

Чоң күлкүнүн күзгүсү.

Интермедияң келтирди эле күлкүнү,

Капилеттен ырың тыйды күлкүнү.

Деңгээлиң ушунча пас беле?

Жүрөгүң муздак таш беле?

Ажалга тике барышкан

Сексен алты шейиттин

Баатырлыгы калп беле?

Салыштырба окуяны Оштогу,

Эки коңшу бирин-бири өлтүрсө,

Кимисине баатырлыкты бермексиң?

Эринбестен калыс карап санап чык!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан