Республика боюнча сайлардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөдөгү сайлардагы суунун деңгээли көтөрүлөрүн Гидрометрология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдирди.

Анын айтымында, 3-апрелге Жыргалаң, Каракол, Талас (Ключевка), Узун-Акмат, Чычкан, Тар, Яссы, Кара-Кулжа, Доңуз-Тоо, Зергер, Тентек-Сай, Чангет жана Араван-Сай сайларында суунун деңгээли 1-13 сантиметрге көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө суунун нормасы 122-268 пайызга көбөйдү. Суу сактагычтарга суунун агып келиши да нормадан жогору болду: Токтогул суу сактагычына 152 пайызга, Орто-Токой - 161 пайызга, Киров - 137 пайызга жогору. Нарын суусунун жээгинде муз калдыктарын дагы да байкоого болорун айткан жетекчи.

"Жогоруда айтылган маалыматтарга ылайык, гидрологиялык кооптуу көрүнүштөр болбойт, бирок 3-5-апрель күндөрдөгү нөшөрдөн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суу көтөрүлүп, селдин жүрүшү мүмкүн. Ал эми Чүй, Талас, Нарын облустарында ылдыйлаган жерлерди суу капташы мүмкүн. Жергиликтүү башкармалык бийлиги арыктарды тазалап чыгуусу зарыл", - деген З.Итибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан