Эки баласын тарттырып жиберген Бегимай Казакова президентке кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда кыздарын кайтарууга жардам сурады. Кыздарынын улуусу Асель Байматова 2 жашта, кичүүсү Зейнеп Байматова 1 жашта.
Маалыматка ылайык, Бегимай Казакова 2013-жылы өзүнөн 9 жаш улуу Байыш Байматов аттуу жаранга турмушка чыгып, 2014-жылы көз жарган. Күйөөсү менен никеге расмий түрдө каттоого турган эмес, бирок кыздарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө атасы катары Байматов көрсөтүлгөн. Зейнеп 6 айга толгондо, атасы башка турмуш куруп кеткен. Буга чейин да үйлөнүп, бир уулу бар болгон.
Коомдук ишмер Роза Маманованын айтымында, кыздардын атасы Бегимай Казаковадан "же кыздардан, же алименттен баш тартасың" деп, кыздарды алып кетип, ушул күнгө чейин энеси менен жолуктурбай келет. Учурда ал жаран "Кумтөр" ишканасында иштейт. Кыздарын да ошол жакта кармап жатканы айтылды.
"Улуу кызымды 1-февралда алдап үйдөн алып кеткен. Кичүү кызымды бала бакчадан алып кеткен. Кайрылбаган жерим калган жок. Байыш смс-билдирүү менен гана байланышка чыгат", - дейт Б. Казакова.
Ошондой эле маалымат жыйында Б.Казакова кордук көргөнү айтылды. Ал эми жактоочу Эмильбек Исеналиев Ленин райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздар жакшы шартта багылып, жанында энеси бар экенин айтышканын билдирди.
"Кайсы энеси? Энеси бул жакта" десек, "эң башкысы кыздар аман-эсен, абалдары жакшы, калганы бизге тиешелүү эмес" дешти. Мен алардын жумушу менен канааттанган жокмун", - деди жактоочу.