Кыргыз жана немис дарыгерлери Ош облусу боюнча ар кандай ооруларга чалдыккан 315 баланы текшерип чыгышты. Анын ичинен тандалган 6 бала Германиядагы клиникаларда дарыланышат. Бул тууралуу 4-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда 30-марттан 3-апрелге чейин Ош шаарында Friedensdorf international аталышындагы кайрымдуулук акциясы өткөн. Иш-чара жыл сайын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана "Ден соолукка биргеликте" коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулат.
"Бейтаптарды тандоодо заара ушатуу органдары жана сөөктүн тубаса оорулары, организмдеги табигый тешиктердин тубаса жок болушунан жапа чеккендерге басым жасалган. Көпчүлүк ата-энелер кандай адиске кайрылып, кимден жардам алышты билбегени аныкталды. Аларга Бишкек шаарынан барган дарыгерлер кеңеш беришти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, өлкө аймактарынан 2013-жылдан бери Германияда дарыланууга 31 бала чакырылган. Анын ичинен үчөө операция жасатуу үчүн кайра барышса, үчөөнө диагностика гана жасалган. 23 бала дарыланып кайра келген. Азыркы тапта 5 кыргыз балдары Германияда дарыланып жатышат.