Бишкектеги "Космопарк" оюн-зоок борборунун алдында тапанча менен ок аткан милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 2-апрелде милицияга 23 жаштагы жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 4:30 чамасында аталган борбордун аймагында 3 белгисиз адам уят сөздөрдү айтышып, тапанча менен ага карата ок чыгарышкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкектеги Садырбаев-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 29 жаштагы М.Р. аттуу жаран кармалган. Ал мас абалында болгонун наркологиялык диспансерде аныкталган. Мындан тышкары анын жанында МР-80-13Т үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылган. Ошондой эле кармалган жаран Бишкек ШИИББинин Тергөө башкармалыгынын кызматкери экени аныкталган эле.
Учурда бардык соттук экспертизалар дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө.