Бишкектеги "Космопарктын" алдында ок аткан белгисиз адам милиция кызматкери экени аныкталды. Ал мас абалында болгон

Бишкектеги "Космопарк" оюн-зоок борборунун алдында тапанча менен ок аткан белгисиз адам милиция кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2-апрелде милицияга 23 жаштагы жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 4:30 чамасында аталган борбордун аймагында 3 белгисиз адам уят сөздөрдү айтышып, тапанча менен ага карата ок чыгарышкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Бишкектеги Садырбаев-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, 29 жаштагы М.Р. аттуу жаран кармалган. Ал мас абалында болгонун наркологиялык диспансерде аныкталган. Мындан тышкары анын жанында МР-80-13Т үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табылган. Ошондой эле кармалган жаран Бишкек ШИИББинин Тергөө башкармалыгынын кызматкери экени аныкталды.

Учурда бардык соттук экспертизалар дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
abusait
2017-04-04 10:59:15
Дагы кээ бир чиновниктер милицияны жамандабагыла дейт. Уяты жоктор
0
Hurem
2017-04-04 11:01:39
Органдагыларга закон иштебейт да, карапайым калкка эле иштейт. Коп болсо согуш алаттыр
+4
KOHHOP
2017-04-04 11:01:59
Кылмыш кылдыбы жазасын алсын!?
+1
Karaan
2017-04-04 11:16:59
"Мыйзамдагы рэкеттер"
+2
revolyutsiya1
2017-04-04 11:50:38
Эгер башка мыйзамды сыйлаган олкодо болсо, мисалы Туркменистан же Кытайда, мындай милиция кызматкерин бир омур органга жолотпой гана эмес, болбоду дегенде 2-3 жылга камашмак... Бизде болсо башынан сылап кое беришет, анткени милиция бийликке керек, милиция бийликти элден коргоочу куч... же калппы?!!
0
legion-arbat
2017-04-04 12:43:43
Карга карганын козун чукубайтда, согуш алат Же чинин ылдыйлатып коет.Ушул менттерди мыйзам бузса ташбаранга алсан.
0
Makain
2017-04-04 12:46:59
Камалсын коопкон дагы бир чондун баласыда.Адам олуп калса не болмок эле.
0
kuba502
2017-04-04 13:30:46
Бандитский Бишкек.Президентибиз баш болуп мыйзамды сактабай атса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан