Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын VI курултайында муфтий, Аалымдар кеңешинин төрагасы шайланды. Мындан сырткары Кыргыз мусулмандарынын диний башкармалыгынын уставына курултайда бир нече өзгөртүүлөр кирди.
Өзгөртүүлөрдүн бирине ылайык, мындан ары муфтий 4 жыл кызмат кылат. Ошондой эле башкармалык эми өлкөдө Ислам динине каршы үгүттөө жасагандарды мыйзам алдында жоопкерчиликке тарттыра алат.
"Айрым уставдар өзгөртүлдү. Мисалы, Алла Таалага таянып алып, жалпы маалымат каражаттары аркылуу Ислам динине каршы билдирүүлөрдү тараткандарды жоопко тартуу аракеттери көрүлөт", - деди Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов.
Эскерте кетсек, бүгүнкү курултайда өлкөнүн муфтийи болуп Максатбек Токтомушев шайланды.