ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Аскорбин кислотасынын пайда болгонуна 85 жыл болду

Мындан 85 жыл мурун, 1932-жылы 4-апрелде америкалык биохимик Чарльз Глен Кинг биринчи жолу С витаминин (аскорбин кислотасын) чыгарган.

"С" витамини кан айланууну, кыймыл-аракет аппаратын жакшыртып, кан тамырларды бекемдейт, инфекциядан коргоочу таасирге ээ. Ал эми анын жетишсиздиги "цинга" оорусуна, мурундан кан агуусуна, тиштердин түшүшүнө алып келип, кесилген же жара болгон жерлердин айыгуусу узакка созулат. С витамининин негизги булактары жашылча-жемиштер, ит мурун, цитрус жемиштери, кара карагат, таттуу калемпир, киви жана башкалар.
Адамдын организми С витамининин запастарын бөлүп чыгара албайт, андыктан аны бул витамин менен толуктап туруу керек. Ошондой эле С витамини сууга эрип кетүүчү касиетке ээ болгону үчүн жогорку температурада бузулуп кетет.
4-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан