"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жол чарбалыгын жаңылоого 15 даана техника берилди

Бүгүн, 4-апрелде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин катышуусунда аталган ишкананын жол чарбалыгын жаңылоого 15 даана техника: 10 трактор, 3 жүктөгүч, 2 экскаватор салтанаттуу түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жол чарбалыгы Кыргыз темир жолунун негизги ишканаларынын бири, ал аркылуу темир жолдогу транспорттук процесстеринин коопсуздугу түзүлөт.

"Кыргыз темир жолунун өзүнүн эсебинен техника сатып алуу - жол инфраструктурасынын жана жол техникасынын жаңылоо маселесин чечүүдө маанилүү кадам. Бул ишкананын жаңыланышынын кезектеги этабы", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, жаңылоонун кийинки этабында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн насыяга жүк ташуучу вагондорду алуу мерчемделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан