Бишкекте "Кыргыздын кайрадан жаралган күнү" аталышындагы көргөзмө өтүүдө

7-апрелге карата Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Кыргыздын кайрадан жаралган күнү" аталышындагы көргөзмө өтүүдө. Көргөзмө 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын 7 жылдыгына арналган.

Көргөзмөгө сүрөтчүлөр Вячеслов Оселедко, Игорь Коваленко, Владимир Воронин, Владимир Пирогов жана Нина Горшкованын эмгектери коюлган.

"Бул көргөзмөгө жалпысынан 154 сүрөт илинди. Сүрөтчүлөр эркиндикти сүйгөн элдин эрдигин, баатырдыгын көрсөткөн. Сүрөттөрдүн илингенине 4-5 күн болуп калды. Кызыккандар келип көрүп кетишүүдө. Көргөзмө 14-апрелге чейин уланат", - деди музейдин кызматкери Чынара Мурзатаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2017-04-05 12:10:55
жырткычтар,кайра жаралбай эле артка кетирдинер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан