Ырчы Анжеликанын күйөөсү Урмат Бекболиев адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү айткан делип административдик жоопко тартылып, бир жарым миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"2017-жылдын 27-мартында Бекболиев батирин сатуу үчүн курулуш фирмаларынын бирине кайрылган. Эртеси келишимге кол коюу үчүн жолугушуу бекитилген. Бирок белгиленген убакытта Бекболиев келген эмес. Фирманын кызматкери аны бир жарым сааттай күтүп, байланыша албаган соң офиске кетип калган. Андан соң ал кызматкер кыздын артынан офиске келип, аны менен жолугушууну талап кылган. Чогулуш болуп жаткан жайга кирип келип, кыздан тезинен келишимге кол коюну талап кылган. Ошондой эле кыздын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү айтып, анын каза болгон апасын да кемсинткен. Фирма кызматкери ошол эле күнү Октябрь РИИБине арыз жазган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми окуя тууралуу Анжелика менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
"Кызыгы, ага эч ким чалган жок, эч кандай арыз да жазылган эмес. Башка бирөө менен адаштырып жатышса керек. Жолдошум бул окуянын мага тиешеси жок деп айтты.Эртең баарын тактайбыз", - дейт ырчы.