"Элдик видео" бөлүмүнө "Сүйүүсүнөн башы ооруган кыз" деген видео жүктөлдү (ник: Ardak777).
Видеодо кыргыздын таланттуу кызы Нурпери Тургуналиеванын кайсы бир иш-чарада берилип бийлеп жатканын көрүүгө болот. Анын ушунчалык эргүү, кызыгуу менен бийлеп жатканын көрүп, көрүүчү аргасыз жылмаят.
Ал алгач кара жорго бийи менен таанылган. Ошондой эле жакын арада эле кийимди бат алмаштырып кийип, 3-4 улуттун бийин бийлеп көрүүчүлөрдү таӊ калтырып, Бишкекте өткөн сынактардын биринде Кытайга өнөр көрсөтүп келүүгө жолдомо алды.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.