Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси Орусияга барышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда Жалиловдун ата-энеси Ош шаарынан Санкт-Петербургга 5-апрелге караган түнү учуп кетишкен. Алар метродогу жардырууга байланыштуу Орусиянын тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан суракка алынышат.
Айта кетсек, жардыруу 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Анын ата-энеси Ош шаарындагы кичи райондордун биринде жашаары белгилүү болгон. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, кылмышка шектүүнүн Кыргыз Республикасында туулганын тастыктап, туугандары суракка алынып жатканын билдиришкен болчу.