Талас районунун Талды-Булак айылындагы асыл тукум жылкы чарбасында учурда 30 жылкы багылып жатат, анын арасынан 6 күлүк ат чабыштарга даярдалууда. Мындай маалыматты бүгүн, 5-апрелде чарбанын жетекчиси Азамат Жумаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ал чарбага 2013-жылы жетекчи болуп келген. Чарба мамлекетке караштуу болгону менен, мамлекетке 2 миллион сом карызы болгон.
"Ошол жылдан бери жылкынын санын көбөйтө алган жокпуз. Анткени карызды төлөп, чарбаны дотациядан чыгаруу зарыл эле. Буюрса, карыздарды төлөп бүттүк, 59 миң сом гана калды. Бизде жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар багылып, штатта 5 кызматкер бар. Өзүн-өзү каржылоочу чарба болгондуктан жумушчуларга жакшы деле маяна берилбейт. Ал эми ат таптаган саяпкерлер келишимдин негизинде, таптаган атына жараша акча алышат", - дейт ал.
Чарбанын жетекчиси белгилегендей, 1 жылкыны жакшылап таптоо үчүн жыл ичинде 500 миң сомдон ашык каражат сарпталат. Саяпкердин акысы, жем-чөбү, витаминдери жана башка каражаттар акчаны талап кылат.
Азамат Жумаев чарбадагы айрым күлүктөрү менен тааныштырды.
Бул жылкынын аты Кочевник - 2 жашта. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна тапталууда. Саяпкери - Рысбек Карыпов. Азырынча масштабдуу ат чабыштарга түшө элек.
Легенда 7 жашта. Ал азыр жарыштарга түшпөйт. Бирок буга чейин анын атын көп жерлерде сыймыктануу менен айтышчу. Легенда азыр бээ болуп калган. Биздин өлкөдө жана казак саяпкерлери арасында таанымал күлүк. Легенданын эң ийгиликтүү жылы - 2011-жыл. Нурсултан Назарбаевдин жана кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогун ат чабышта жеңип алган. Ошол эле жылдын күз мезгилинде республикалык жана эл аралык жарыштарга 9 жолу түшүп, 7 жолу биринчи, 2 жолу экинчи орунду алган. "Аргымак" федерациясы тарабынан "2011-жылдын мыкты тайы" деген наам берилген.
Бул күлүк Алмаз деген ат менен белгилүү. Алмаз 5 жашта. I Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда 3-орунду, Шабдан баатырдын 175 жылдыгында 1-орунду камсыздап, саяпкерин кубандырган. Бир мезгил аралыгында 7 жолу чабылып жалаң байгелүү орундарга арзыган. Анын ичинен биринчилик үчүн 2 жолу төө уткан. Алмаз жарышка түшкөндөн тартып такыр жеңилүү ызасын тарткан эмес. Акыркы жылы бутун оорутуп алып, жарыштарга түшүүнү убактылуу токтоткон. "Республиканын мыкты кунаны -2014" деген наамы бар.
Бул күлүктү саяпкерлер Стимул деп аташат. Стимул 2014-жылдын 31-августунда Бишкектеги республикалык жарышта байгелүү орунду багындыруу менен өзүнүн ийгиликтүү карьерасын баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогун уткан. Чүй, Таласта өткөн ат чабыштарда саяпкерин уяткарбайт. Жогорудагы байгелерден тышкары 2 төө утканын айта кетүү зарыл. Стимулду саяпкер Улук Сыргабаев таптайт.
"Мындан тышкары Аманат деген күлүк да бизге көп үмүт берип жатат. Анын сырткы сулуулугу да айтарга арзыйт. Мындан улам жакында эле Белорусиядан келишип, жарнамага жайгаштыруу үчүн сүрөткө тартып кетишти. Мен жогоруда атын атагандардын көбү жарышка түшүп жүрүп, өз жолун ийгиликтүү аяктагандар. Учурда жылкылардын арасында дагы күлүктөр көп чыгат деген үмүтүбүз бар. Аттардын көбү көк бөрүгө даярдалат", - деп кошумчалады жылкы чарбасынын жетекчиси, Талас облустук көк бөрү федерациясынын президенти Азамат Жумаев.
Чарба мамлекеттик болгону менен, мамлекет тарабынан такыр көңүл бурулбайт. Кызматкерлер ат таптоого, кароого кызыккандыктан иштеп жүрүшөт. Чарбаны кеңейтүү үчүн каражат зарыл болуп турган чак. Кандай кырдаал болсо да асыл тукум жылкылардын тукумун жоготпоо аракеттери көрүлөрүн айтат А.Жумаев.