Ала-Бука районунда ички жолдордун абалы начар. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолдордун абалы күз айларынан бери начарлап кеткен. Жаздын келиши менен чуңкурлар көбөйүп, бузулуп кароосуз калганын айтышат.
Райондун ички жолдорунан сырткары Ала-Бука-Кербен жолу да унаалардын жүрүүсүнө ыңгайсыздык жаратып келет.
Жолдор боюнча райондук жол курулуш ишканасынын жетекчиси Сейиталы Жороев асфальт-бетон заводу иштебегендиктен, оңдоо иштери башталбай жатканын билдирди:
"Ички жолдорду оңдоо үчүн жакынкы аралыктагы асфальт-бетон заводу иштебей жатат. Заводдор менчик ишкана болуп эсептелет. Күн жылып баштаса оңдоо иштерин жүргүзөбүз".