Мындан 105 жыл мурун, 1912-жылы 6-апрелде кыргыздын тарыхый улуу инсаны, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Шабдан Жантай уулу 72 жашында дүйнөдөн кайткан. Айрым маалыматтар боюнча Шабдан баатыр өзүнүн болгон байлыгын жакыр адамдарга таратып, өзү жокчулукта каза болгон.
Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, Жантай хандын уулу Шабдан Жантай уулу 1839-жылы 29-октябрда Чүй өрөөнүндөгү Көк-Жар жайлоосунда туулган.
Шабдан Жантай уулу жаштайынан эле саясий турмушка аралашкан. 1860-жылдын аягында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкентке барган. Узунагачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкент шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтөгөн.
Ал Токмоктогу уезддин башчысы жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон. 1868-жылы орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун көтөрүлүшүн басууга катышкан. 1876-1877-жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн. 1878-жылы жигиттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан баатыр сыйлыктарды алып турган. 1883-жылы ал падыша Александр IIIнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алып, алтын саат менен сыйланган. 1884-жылы ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-жылы Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга – Меккеге барган. Шабдан баатырдын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун "Тарых-и кыргыз шадманийа" аттуу 1914-жылы Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган.
6-апрелге карата жылнаама.