Шашылыш билдирүү: көчкү түшүү коркунучу сакталууда

2017-жылдын 7-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Көк-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат, Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurkyz1977
2017-04-06 10:30:54
Аттырып карды тушуруп жатабыз деп оозун толтуруп суйлогондор ушул убака чейин эмне иш кылдынар,же калп эле талааны эки жолу атып жолду бир саат жабымыш иш кылымыш болуп акча жеп чонтогунор кампайдыбы? Бироо олуп жатса бироо кулуп жатат кылбай жумушунарды так аткарсанар ар дайым жашоонордо береке болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан