Мухаммедкалый Абылгазиев: "Өкмөт Чүй дарыясынын жээгинде кум, таш алып иштеген ишканаларга уруксат кагаздардын берилишин катуу көзөмөлгө алат"

Чүй облусунун аймагынан агып өткөн Чүй дарыясынын жээгинде кум, таш, шагыл алып иштеген ишканаларга уруксат кагаздардын берилишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-апрелдеги жыйында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр суунун көбөйүшү менен дарыянын жээгин бекемдөө иштери уланып жаткан учурда, айрым ишканалардын уруксат кагазына шылтап жээкти жырып, анын натыйжасында суунун нугу өзгөрүп жатканын сынга алды.

"Азыркы тапта Өкмөт жээктерди бекемдөө иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 200 миллион сом бөлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн ишти өз убагында бүткөрүүнү талап кылып жатат. Ошол эле убакта лицензиясы бар деген ишканалар жээктеги кум, таш, шагылдарды алып өз пайдасынын камын көрүү менен, мамлекеттик бюджетке чыгаша алып келүүдө. Бул аракеттерди тез арада текшерип, керек болсо алардын уруксат кагаздарын алып коюш керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй дарыясынын жээгинде иш алып барып жаткан ишканалардын уруксат кагаздарын тез арада текшерүү жана жээктерди бекемдөөгө зыян келтирилген фактылар аныкталса, алардын уруксат кагаздарын алуу боюнча тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан