Кыргыз жеринде 2016-жылы 11 251 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөн жеринен кармалган. Маалыматты 6-апрелде парламентте депутат Тынчтык Шайназаров билдирип, бирок кармалган айдоочулардын көбү жазасыз калып жатканын айтты.
Депутаттын билдиришинче, мас айдоочулардын кармалышы боюнча бардык материалдар сотко жиберилген. Сот тарабынан 3 миӊ айдоочу гана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылып, 5 миӊ айдоочу айып төлөө менен кутулуп кеткен. 1450 факт азыркы учурда соттук кароодо. Шайназаров сот аталган көйгөйгө кайдыгер мамиле жасап жатканын, жол кырсыктарына тийиштүү маселени өкмөттүк же Коопсуздук кеӊешинин деӊгээлинде зарылдыгын айтууда.
Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын февралында ИИМ маалымат таратып, анда 1 апта ичинде республикада 263 айдоочу мас кезинде унаа башкарып жүргөн жеринен кармалганы айтылган.