Ак карлуу апрель (фоторепортаж)

Бүгүн, 6-апрель - жаз мезгили дээрлик жарымдап калганда айлананы ак кар каптады. "Бул жылы кыш узак болду, октябрда башталган ызгаар апрелге чейин созулду" дегендер көп.

Таң эрте терезени карап, айлана карга оролгонун көргөндөр зарыл жумушу жок болсо жылуу үйдө эле отургандыгы көчөдөгү тынчтыктан байкалат. Кыймыл азайып, тынчтык өкүм сүрүп турат. Жаңы гана бүчүр байлаган бактар, гүл ачууга даярданган гүлдөр суукта жардам сурагандай түр көрсөтөт. Анткени менен жаратылыштын баары, аба ырайы өзүнчө бир сулуулук. Назарыӊыздарга ак карлуу апрель айындагы сүрөттөрдү тартуулайбыз.

Ак карлуу апрель - кечиккен жаз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jany-aryk
2017-04-06 12:11:28
Ииий Бишкекте ушундай кар жаадыбы
+1
bermet104
2017-04-06 12:26:49
Видео сонун экен! Бишкекти сагындым! Ар бир инсан үчүн өз мекенинен өткөн керемет жер жок! Бир аз сабыр кылып турсак, жадыраган жаз келип калат!!! P.S. фондогу музыка кандай деп аталат? Кайдан тапса болот???
+1
Ulan2601
2017-04-06 12:39:02
Бишкекте кайрадан кыш
+1
omka100514
2017-04-06 12:49:38
Кадимкидей эле кышго, бизде Ош шаарында уч кун тынбай жамгыр жаады, суу бугун келди понедельниктен бери, жудоп кеттик суу ташып, эми кун ачылып кетсе экен
+2
bond
2017-04-06 13:03:13
Азыр мен жургон планетада каалаган мезгилди заматта алып келсен болот
-3
ashuular_plus
2017-04-06 13:22:04
Элдин нарцисстери гулдоп калыптыр го ))
0
Medina87
2017-04-06 14:50:30
Алматыда да ушул корунуш.
Жыргаганымдан Алматыда жургон жокмун. Мен да оз уйумдо,олон тошогумдо табигит сулуулугуна кубо болгум келет айла жок...
Жумуш орундары болсо мага окшогон мигранттар бааааааарыбыз оз жергебизде журмокпуз.
-1
maks83
2017-04-06 16:07:26
Бишкекке бир кун жааса жомок кыласынар да, бизде быйыл 7ай кыш болду!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан