Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районунун Согмент айылында видеого түшүп калган Өзбек чек арачысы боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө Өзбек чек арачысынын такталбаган тилкеде турганы айтылат.
"Айыл тургуну фейсбуктагы баракчасына тиркеген видео үстүбүздөгү жылдын 27-мартында тартылган. Анда Өзбек чек арачысы такталбаган тилкеде турган. Ошол эле күнү Кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, мындан ары аталган жерде Кыргыз тарап дагы, Өзбек тарап дагы чек араны кайтарбоо чечимине келишкен. Учурда ал жакта абал туруктуу, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Эки тараптуу келишимдерге ылайык, аталган жолдон эки өлкөнүн жарандары өтүүгө болот. Бирок аскер кызматкерлери өздөрүнүн өлкөсүнө тиешелүү турак жайларды аралап чек арасын кайтарыш керек.
Буга чейин Согмент айылынын тургуну Шумкарбек Акматали уулу фейсбуктагы баракчасына Өзбек чек арачысы тууралуу видео тиркеп, анын Кыргыз Республикасынын аймагына кирип кеткенин айткан.