Баткен районунун Согмент айылы Өзбекстандын Сох анклавына чек аралаш жайгашкан. Аталган айылдын тургуну Шумкарбек Акматали уулунун SUPER.KG порталына айтканына караганда айрым учурларда Өзбек аскерлери чек арага 150-200 метр ичкери кирип кетишет. Ал фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган видеосу боюнча буларга токтолду: "Бул видео мындан 20 күн мурда тартылган. Анда Өзбек аскер кызматкери биздин чек арага кирип кеткен. Ал жөлөнүп турган кашаадан бери өтпөш керек эле. "Неге чек арага кирип алдың?" десең, кайра бизге мылтык кезешет. Мындай учур жумасына бир-эки жолу болуп турат. Өзбекстандын чек ара заставасынын башчысына айтсаң, "болду өтүшпөйт" деп кечирим сурайт. Биздин чек арачылар кеткен соң ал көрүнүш кайра эле кайталанат. Биздин чек арачылар ал жерге 300 метр аралыктан барып келип турушат".