Фотограф Стив Уинтер Жер жүзүндө жок болуп бара жаткан жаныбарларды сүрөткө тартып, коомчулукту аларды сактоого чакырып келет. Ал көбүнчө жолборс, кабылан, арстан сыяктуу жырткычтарды тартат. Анын ою боюнча, адамдар жырткычтардын да эмоциялары бар экенин түшүнүшсө, жаныбарлардын жоголушуна гана бөгөт коюлбастан, бири-бирине болгон мамиле да жакшырат.
"Биз жаныбарлардын да эмоциясы бар экенин терең түшүнүшүбүз керек. Эгер биз аларга жакшыраак мамиле кылсак, бири-бирибизге жакшы мамиле кылууга өтөбүз. Биз жаныбарлардын укуктары үчүн күрөшүүбүз керек. Жоголуп бара жаткан жаныбарларга суроо-талапты жокко чыгарууга жардам бергиле. Сатып алуулар жок болсо, өлтүрүүлөр да жоюлат. Жандыктардын үй-бүлөлөрү биздикине окшош: алардын балдары бар, өзүлөрүн жана үй-бүлөсүн багышы керек. Алар ойлонушарына, сезимдери, эмоциялары бар экенине ишенсек, өзүбүздүн бул планетадагы жакшы келечегибизди камсыздай алабыз. Себеби алар экосистемалардын негизи, ал эми биз, адамдар ага кирбейбиз. Бул жандыктардын токойлору бизге кычкылтектин 50 пайызын, таза суунун 75 пайызын беришет. Эгер биз алардын көбүн сактасак, өзүбүздү да сактайбыз", - деген фотограф.
Белгилей кетсек, 1973-жылдан тарта 183 мамлекет жоголуп бара жаткан жаныбарлардын сатылышына каршы келишим түзүшкөн. Учурда жолборсторго болгон аңчылык өзгөчө Кытайда өнүккөн. Анын териси баалуу болсо, сөөгүнөн шарап жасашат. Кытайда, Таиландда, Вьетнамда жана Лаосто жолборсторду тоок же чочко катары багып, сатышары тууралуу маалыматтар айтылат. Багылган жаныбарларга караганда, эркиндикте жүргөндөр кымбат. Мындан улам кабылан, жолборс, арстан, илбирс, гепард сыяктуу мышык сымалдуу айбандар тукумундагылар үчүн кооптуулук күч алган.