Мындан 84 жыл мурун, 1933-жылы 9-апрелде Кыргыз мамлекетинде жана Жети-Сууда совет бийлиги үчүн күрөшкөн революционер, аскер комиссары Яков Логвиненко каза болгон.
Яков Никифорович Логвиненко 1896-жылы 23-октябрда Украинанын Полтава кыштагында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (азыркы Бишкекке) көчүп келген. 1914-жылы империалисттик согуш учурунда падыша тарабынан армияга чакырылып, фронтко жиберилген. Октябрь төңкөрүшү аяктагандан кийин кайра Пишпекке келип, полкту жетектеп калат.
Ал жетектеген полк 1918-жылда болгон Беловодск айылындагы анти-советтик козголоңду баса алган. Ал түгүл Я.Н.Логвиненко Пишпектеги гарнизондун жетекчиси болуп да дайындалат. Кийин Ташкенттеги Айыл чарба университетин аяктайт. Билим алган соң Кыргыз мамлекетине кайтып келип, агроном болуп кызмат өтөгөн.
Белгилей кетсек, анын ысымы Бишкектеги көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.
9-апрелге карата жылнаама.