Бишкек шаарында жол кыймылына тоскоолдук жаратып, узак убакыттан бери айдоочусуз жана кароосуз турган унаалар жолдон чыгарылып, айып короого жеткирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай унаалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана көчөлөрдөгү тоскоолдуктарды жоюу максатында алынууда.
Кайгуул кызматы шаар тургундарын унааларын жол кыймылына тоскоолдук жаратпаган жерлерге токтотууга чакырат.