Жогорку Кеӊешке 2 дарбаза сатып алуу боюнча тендерге 2 компания катышты

Жогорку Кеӊешке 2 дарбаза сатып алуу боюнча тендерге 2 компания катышты. Бул тууралуу 10-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Кеӊештин Иш башкармалыгынын өкүлү Бакбур Исаев билдирди. Түшкөн билдирмелер учурда тендердик комиссиянын кароосунда. Жыйынтык 1-2 күндүн ичинде чыгып, жеӊүүчү аныкталары айтылды.

Исаевдин билдиришинче, Жогорку Кеӊештин жер төлөсүнүн 2 дарбазасы алмаштырууга муктаж.

"Совет кезинде коюлган дарбазалар эскирген. Салмагы оор, жакшы жабылбайт. Жогорку Кеӊештин имаратынын арткы тарабындагы эшиктер алмашат. Бул иш учурдун талабы. Анткени Жогорку Кеӊешке келген жүктөр ушул дарбазадан киргизилип, кампага жеткирилет", - деди Исаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш 560 миң сомго дарбаза сатып алууга тендер жарыялаган. Жарыяланган сумманын ичине дарбазаны жасоо, жеткирүү, эскисин чыгарып жаңысын орнотуп берүү иштери да кирет. Дарбаза жашыл-күрөң түстө, эстетикалык дизайнга ээ, герметикалык, коопсуз, колдонууга ыңгайлуу жана мамлекеттик стандартка жооп бериши керек. Катышуучу компанияларга ушундай талаптар коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан