Кыргыз өлкөсүнө "Аалам сулуусу" сынагына 2017-жылдан тарта катышууга уруксат берилди

Кыргыз өлкөсү эл аралык "Аалам сулуусу" сынагына ушул жылдан баштап катыша алат. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде "Интеральянс Кей Джи" компаниясы билдирди.

"2012-жылдан тарта жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жыйынтыгын берип, сынактын уюштуруучулары ушул жылы кыргыз тарапка "Кыргызстан сулуусун" 2017-жылдан тарта кабыл алууга даяр экенин билдиришти. 1952-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан "Аалам сулуусу-2017" сынагы 2018-жылдын январь айында Франциянын Париж шаарында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ал эми Кытайда өтө турган "Дүйнө сулуусу" сынагына "Кыргызстан сулуусу" аталган Бегимай Карыбекова катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BekAmir
2017-04-10 15:46:02
Кыргызстандын намысын коргогон сулуу акыйкат тандалыш керек. Тилекке каршы сулуу акылдуу билимдуу кыздар катыша алышпайт.
+5
Patriot7
2017-04-10 16:19:19
Кыргызстандын атынан ХХХ катышабы?!! Эмнеге прокуратура бул ХХХ конкурсунун уюштуруучулары менен калыстарына кылмыш ишин козгобойт?!! Эмнеге Окмот маданият министрлигинде иштеген жооптуу кызматкерлерди жазалабайт?!!

Бул конкурс Атамбаевдин "таза" шайлоосуна окшоп калыптыр, коррупция, махинация, фальсификация, орун алган. Эмне дейбиз, эшегине жараша тушагы дейт, бийликти карап туруп.....
+8
Aikan1966
2017-04-10 16:29:28
ийгилик.
-1
Danek99
2017-04-10 20:26:53
Кайдагы бир жасалма сулуу. Мен ойлоптурмун Таттуу Бегимайды чет олкодон жашап келди десе, торолгондон бери жашайт экен десе. Клп болсо 3 жыл болуптурго чет жерде жургонуно
+2
Badu88
2017-04-10 22:09:40
Лучше биздикин катыштырбай эле койсун чыгарып салсын нары бекер уят болобуз өз олкосундо суроого жооп бере сурдоп атат ал жакка барганда сурдогонунон талып жыгылып калып анан өзү уят болгону аз келгенсип бүт кыргызды кошо уят кылып келет
+1
Danek99
2017-04-10 22:29:24
Дуйнону кыдырып келип озу айткандай "кыргыздардын" подиумунан сурдогону укмушго
+3
nazika92
2017-04-20 05:24:37
Бегимайга ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан